Улуттук гвардиядагы аскерлердин окуясы боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Операция болгон жоокер өзүнө келди. Анын абалы оор деп айтылууда. Учурда жоокер Бишкек улуттук травматология жана ортопедия борборунда дарылануудан өтүп жатат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Улуттук гвардиянын №714 аскердик өлүгүндөгү окуя боюнча эки берененин негизинде кылмыш иши козголгонун мекеменин тарбия иштери боюнча башкармалыктын жетекчиси Таалайбек Мырзабаев билдирди.

Дүйшөмбү күнү эртең менен №714 аскер бөлүктө бир аскер кызматкеринин өлүмү менен аяктаган кырсык катталган. Улуттук гвардиянын версиясы боюнча эки жоокер кароолдо турган аскерге кол салган. Ал ок чыгарууга аргасыз болгон.

"Киши өлтүрүү" жана "Киши өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Аткан жоокер учурда гарнизондук гаупвахтага камакка алынды", — деди Мырзабаев.

Жарадар болгон жоокерге операция жасалган.

"Кечээ ал эсине келди. Азырынча реанимациялык бөлүмдө дарыланып жатат. Абалы туруктуу, бирок оор бойдон калууда", — деди Бишкек улуттук травматология жана ортопедия борборунун башчысы Сабырбек Жумабеков.

Айрым маалымат каражаттарынын айтымында, кол салгандардын бири жоокерге асылып, экинчиси аларды арачалоого аракет кылгандан кийин ок атылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0