ИИМ: Жалал-Абадда кармалган террорчулардын экөө Сириядан келишкен

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириянын желеги. Архив
Сириянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалган сегиз кылмышкердин экөө Сириядагы согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактан келишкен. Алар террорчуларга каражат жиберүү максатында жетиштүү жашаган жарандарды жана чет өлкөлүктөрдү талап-тоноп келишкен.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Жалал-Абадда "Ахмадия" диний агымынын өкүлү 37 жаштагы Юнус Абдужалиловду өлтүрүп, бир катар кол салууларды даярдап келген жарандар "Джабхат-ан-нусра" уюмунун мүчөлөрү экени аныкталды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын бири 20 жаштагы Ноокат районунун тургуну эки жыл мурун Түркияга кетип, быйыл Сириядагы экстремисттердин Латакия лагеринде согушкерлердин курсунан өткөн.

ИИМ: Сирияга билимдүү, орто оокаттуу жашагандар кетип жатат
Иликтөө иштеринин натыйжасында учурда Түркия менен Сирияда жихадга үндөп, адамдарды азгыруу менен 34 жаштагы Отабек Исмаилов, 20 жаштагы Сирожидин Мухтаров алектенип жүргөнү белгилүү болду. Аталган жарандарга издөө жарыяланган. 

Кармалгандардын экинчиси 27 жаштагы жаран Египетте окугандан кийин 2013-жылы Түркияга барган. Ал жерде өзбекстандык адамдар менен таанышып, 2015-жылы жихадга катышуу үчүн Сирияга келген. 

Алардан "Ахмадия" агымынын өкүлдөрүн, жетиштүү жашаган жарандарды жана чет өлкөлүктөрдү талап-тоноо буюртмалары келип турган. Алынган каражат Сирияда согушкан террорчуларга берилип келген.

Учурда аталган фактылар боюнча иликтөө иштери улантылып жатат. Бардыгы болуп киши өлтүрүү боюнча сегиз киши кармалып, алар эки айга камакка 

Жаңылыктар түрмөгү
0