Реанимацияда жаткан Улуттук гвардиянын аскеринин денесинен ок алынган жок

© Sputnik / Табылды КадырбековОперационная лампа. Архивное фото
Операционная лампа. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук гвардиянын эки аскери октон жабыркап, ооруканага жеткирилишкен. Алардын бирөөсү каза болуп, экинчисинин абалы оор экени айтылууда.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Октон жабыркаган Улуттук гвардиянын аскер кызматкеринин абалы оор экенин Бишкек улуттук травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Дайынсыз жоголгон Бексултан Баардинов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон чек арачынын социалдык тармактагы баракчасынан билдирүү келүүдө
Буга чейин Башкы штаб бүгүн эртең менен эки аскер атылганын кабарлаган. Улуттук гвардиянын маалыматы боюнча аталган аскерлер кароолдо турган жоокерге кол салып, ал өзүн өзү коргоого мажбур болгон. Кырсык 714-аскердик бөлүктө болгон.

Жумабеков эки жоокер ооруканага таңкы 5.20да түшкөнүн айтты. Ок бирөөсүнүн ичине тийип, ички органдарын жаратпай салган. Ал операция учурунда көз жумган. 

Экинчи жоокердин өпкөсү, ийни жана ич жагы жабыркаганы белгилүү болду. Ага учурда операция жасалып, өпкө менен ичеги-карындын ортосунда калган ок алынган эмес.

"Жоокер азыр дарылардан кийин уктап жатат. Окту алган жокпуз. Аны кийин деле алып коюуга болот", — деди Жумабеков.

Кырсыктын расмий себептери азырынча айтыла элек. Айрым маалымат каражаттарынын билдирүүсү боюнча, окуя жабыркагандардын бири кароолдо турган жоокерге асылып, экинчиси аларды арачалап жатканда болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0