Караколдо 10 жашар кызды өлтүрүүгө жездеси шектелүүдө

© пресс-служба УВД Иссык-кульсой областиШектелип кармалаг адам.
Шектелип кармалаг адам. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облустук милиция кылмыштын чоо-жайын билдирди. Учурда ага шектелген жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайда камакка алынган.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Караколдо 10 жашар кызды өлтүрүүгө жездеси шектелип жатканын Ысык-Көл ОИИБ билдирди.

Шаарда жайгашкан турак жайлардын биринде оор жарадар болгон бала менен бычакталып өлтүрүлгөн кыздын денеси табылган.

"Кыздын желкесине эки жолу бычак урулуп, жаагы сынып, төш жагы сыйрылган. Бала желкесине, каруусуна бычак жеген", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары үйдөн темир сейф жоголгону маалым болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү адамдын изи суубай кармалган.

"Кылмышка шектүү катары Караколдун 52 жаштагы Жусуп аттуу тургуну болуп чыкты. Ал кыздын атасынын жездеси экени аныкталды. Далил катары андан жоголгон темир сейф табылды", — дейт милиция. 

Учурда кылмыш жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, кармалган зөөкүр Караколдун убактылуу кармоочу жайында камакка алынды.

Ал эми кыздын иниси ушу тапта оор абалда экени айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0