Жалал-Абадда терроризмге шектелип төрт жаран кармалды

© Азиза ПусурманкуловаВ Джалал-Абаде задержаны четверо подозреваемых в терроризме
В Джалал-Абаде задержаны четверо подозреваемых в терроризме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Жалал-Абад шаарында милиционерлер менен чекисттердин биргелешкен атайын операциясы болуп өттү. Натыйжада төрт адам кармалып, алардан эки тапанча жана диний адабият табылган.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында терроризмге шектелип куралданган төрт жаран кармалганын аталган шаардын ИИБ билдирди. 

Бүгүн милиционерлер менен УКМК кызматкерлеринин биргелешкен атайын операциясы болуп өттү.

© Азиза ПусурманкуловаЖалал-Абад шаарында терроризмге шектелип куралданган төрт жаран кармалганын аталган шаардын ИИБ билдирди.
1/2
Жалал-Абад шаарында терроризмге шектелип куралданган төрт жаран кармалганын аталган шаардын ИИБ билдирди.
© Азиза ПусурманкуловаАлардын жанынан эки тапанча жана ок-дары табылган.
2/2
Алардын жанынан эки тапанча жана ок-дары табылган.
1/2
Жалал-Абад шаарында терроризмге шектелип куралданган төрт жаран кармалганын аталган шаардын ИИБ билдирди.
2/2
Алардын жанынан эки тапанча жана ок-дары табылган.

"Операция жаңы эле аяктады. Төрт киши кармалды, баары тең 25 жашта. Алардын жанынан эки тапанча жана ок-дары табылган. Булар — террорчулар, муну бирөөсүнөн алынган диний адабият тастыктап турат", — дейт башкармалык.

Кармалган жарандардын киши өлтүрүү боюнча да шектелип жатканы белгилүү болду. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0