Өлкөнүн түштүгүндө издөөгө алынган 12 жаран кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКармалган шектүүлөр. Архив
Кармалган шектүүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшкөн жарандар уурулук, шылуунчулук боюнча жасалган кылмышка шектүүлөр экени маалым болду.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында изделип жүргөн 12 кылмышкер кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын түштүк аймагында героин менен гашиш сактаган жарандар кармалды
Маалыматка ылайык, шаардык милиционерлердин 20 күндүк командировкасынын негизги максаты болуп Бишкекте жасалган кылмыш иштеринин бетин ачуу болуп саналат.

Иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында шылуунчулукка шектелген Өзгөн районунун 52 жаштагы жана Сүлүктү шаарынын 36 жаштагы эки тургуну кармалган. Уурулук боюнча алты кылмышкер колго түшүрүлгөн. Мындан тышкары, "Бейбашчылык" боюнча кылмыш иши козголгон эки жаран тутулганы айтылууда. 

Муну менен бирге денеге жеңил жаракат келтиргени үчүн Сузактын 37 жаштагы тургуну жана кош бойлуу келинди жумушка алуудан баш тарткан Ноокаттын 44 жаштагы жашоочусу кармалды.

Кылмышкерлерди кармоо иш-чарасын Бишкек ШИИБ кызматкерлери жүргүздү.

Жаңылыктар түрмөгү
0