Кыргызстанда жасалма доллар саткан топтун курамында милиция кызматкерлери аныкталды

Жазылуу
Уюшкан топтун курамында сегиз киши болсо, анын экөөсү учурда милицияда иштеп жаткан жана буга чейин иштеп кеткен кызматкерлер экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстанга жасалма АКШ долларын киргизүү жана сатып өткөрүү каналы аныкталганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын ноябрь айынын башында өлкөгө Стамбул — Бишкек чартердик каттам менен белгисиз адамдар тарабынан 100 миңге жакын жасалма АКШ доллары киргизилген.

Интерпол тарабынан изделген Кыргызстандын "абройлуу" кылмышкерлери
Ошол суммадан 45 миң долларды Бишкек шаарынын тургуну алып, акчаны өзүнүн тааныштарына сатып өткөрүүгө жана алмаштырууга берген.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында сегиз кишиден турган уюшкан кылмыштуу топ табылып, алардын жасалма акчаларды өткөрүү менен алектенери такталган. Топтун курамына учурда иштеп жаткан жана мурда милиция жаатында иштеп кеткен эки кызматкер кирген. Алардын жашаган жеринде жасалма акчалардын бөлүгү табылып, жалпы суммадан 40 миңге жакын доллар алынды.

Акча баардык коргоо деңгээлдерин колдонуу менен жогорку сапатта жасалганы белгилүү болду.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура "Жасалма акча же баалуу кагаз даярдоо, сактоо же өткөрүү" беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0