Кыргызстандын түштүк аймагында героин менен гашиш сактаган жарандар кармалды

Жазылуу
Колго түшкөн эки адамдын бири буга чейин соттолуп чыккандыгы белгилүү болду.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстандын түштүк аймагында эки адамдан жалпы жонунан бир килограммдан ашуун героин менен гашиш табылганын Баңгизатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы билдирди.

Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көп ирет соттолуп чыккан жаран баңгизат менен тутулду
Маалыматка ылайык, 22-декабрь күнү өткөрүлгөн операциянын натыйжасында Баткендин Лейлек районунда 32 жаштагы айдоочу башкарып келе жаткан "ВАЗ-21093" унаасы токтотулуп, андан 1 килограмм 75 грамм баңгизат табылган. Экспертиза анын героин экенин аныктап чыкты.

Ошол эле күнү Ош шаарында буга чейин соттолуп чыккан 34 жаштагы тургундун чөнтөгүнөн пакетке салынган 35 грамм гашиш табылган. 

Кармалгандар тергөө абагына камакка алынып, иликтөө иштери улантылууда. 

Кыргызстандын кылмыш кодексине ылайык, баңгизат ташуу менен алектенгендер 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0