Бишкекте жок кылынган террорчуларга таандык курал табылды

© пресс-служба ГКНБ КРБишкек шаарынын "Арча-Бешик" жаңы конушунда табылган ок-дарылары менен курал.
Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунда табылган ок-дарылары менен курал. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жашыруун жерде сакталган ок-дары шаардын "Чыгыш-5" кичи районунда укук коргоо органдары тарабынан жок кылынган жарандарга таандык экени белгилүү болду.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын "Арча-Бешик" жаңы конушунда ок-дарылары менен курал сакталган жер табылганын УКМК билдирди.

Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мыйзамсыз курал-жарак сактаган жарандар кармалды
Маалыматка ылайык, курал-жарак сакталган жер быйылкы жылдын 10-декабрында жок кылынган эл аралык террористтик топтун мүчөлөрүнө таандык болгон. Эскерте кетсек, 11-декабрга караган түнү УКМК Бишкектин "Чыгыш-5" кичи районунда борбор калаа менен Чүй облусунда терактыларды уюштурууга ниеттенген эл аралык террористтик топтун эки мүчөсүн жок кылган.

Кийинчерээк Ички иштер министрлиги аталган террорчулар милиционер Актилек Абдувалиевди өлтүргөн кылмышкерлер экенин маалымдады.

Учурда табылган курал-жарак боюнча иликтөө иштери улантылып, террористтик топтун башка мүчөлөрүн аныктоо аракеттери көрүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0