Сокулукта селсаяктын өлүмүнүн бети ачылды

Жазылуу
Сентябрь айында Аламүдүн районунун Кайырма айылында килемге оролгон эркек адамдын сөөгү табылган. Эгемендүүлүк күнүндө болгон кылмышты милиция кызматкерлери аныктап чыгышты.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Аламүдүн РИИБ барар жери жок селсаяк Бактыбек Жумабаевдин өлүмүнүн бетин ачты, деп билдирет ИИМ.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция бир ай мурун табылган өлүктүн аты-жөнүн тактай албай жатат
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү болжол менен саат 19.00дө Кайырма айылынын жанындагы камыштардын арасынан 30-40 жаштагы өлтүрүлгөн эркек адамдын сөөгү табылган. Экспертиза анын денесинин көп жерине залал келтирилгенин аныктап чыккан.

Ноябрдын ортосунда милиция оор кылмышка шектүү катары Нарын облусунун тургуну, Ак-Босого жаңы конушунда жашап келген 30 жаштагы жаранды кармаган. 

Иликтөө маалында кылмыш 31-августка караган түнү Сокулуктун Күн-Туу айылында ичкиликтен улам чыккан чыр-чатактын негизинде болгону аныкталган.

"Ошол кечте жергиликтүү тургун үйүндө туугандарын коноктойт. Чакырылбай келген Жумабаев менен коноктордун бирөөсүнүн ортосунда чыр чыгып, ал мушташка айланып кетет. Көчөгө алып чыгып аракты жакшы көргөн Жумабаевди ур-токмокко алып, бир нече жолу оор буюм менен чаап жиберет. Алган жарааттарынан улам Жумабаев каза болуп калган", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан кийин кылмыштын изин жабуу үчүн үй ээси менен коногу сөөктү килемге ороп, Кайырмадагы камыштардын арасына таштап кетишет.

Учурда кылмышка шектүү адамга айыбы угузулуп, аны менен бирге кылмыш аракетин жашырган деген күнөө менен үч адам да камакка алынды. 

Тергөө аяктап, материалдар сотко жөнөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0