БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Ош шаарында турак жай өрттөнүп, ичиндеги 31 жаштагы аял менен төрт жана алты жаштагы эки наристе I-II AB даражадагы күйүк алганын ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт 50 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн чатырын каптап, эки бөлмө үй эмеректери менен төшөнчү күйгөн.
Кырсыктан жабыркаган Адина Розбаева, Абас Розбаев жана Муслима Сабитова тез жардам аркылуу ооруканага жеткирилишти.
Учурда өрттүн себептери такталып жатат.