БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Лейлек районунун Ак-Суу айылындагы "Эгемендүүлүк" мектебинин кире беришиндеги сере карды көтөрө албай, кулап, тогуз окуучуну басып калганын райондун акими Тилеберди Арипов Sputnik агенттигине билдирди.
ӨКМден билдиришкендей, жабыркагандарды куткаруу боюнча министрликке кайрылуу болгон эмес. Министрлик азыр окуянын чоо-жайын текшерип жатат.
Ариповдун айтымында, жабыркаган тогуз бала 2-класстын окуучулары болгон.
"Окуучулар мектепке кирип баратканда сере кулап кеткен. Себеби, ал калың жааган карды көтөрө албай калган. Жалпысынан ооруканага 9 бала кайрылган. Алардын үчөөнүн буту сынып, бирөөнүн мээси чайкалып калган. Беш балага амбулатордук жардам берилип, алар ооруканадан чыгышты. Калган төрт окуучу дарыланууда", — деди ал.
Акимдин айтымында, аталган мектеп эски жана анын кире беришиндеги сере демөөрчүлөрдүн жардамы менен ыңгайлаштырылып курулган.