Акмолодо ишкер үйүр жылкыны атып салды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЖайыттагы үйүр жылкы. Арохив
Жайыттагы үйүр жылкы. Арохив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дыйкан буга чейин бир нече ирет жергиликтүү жылкычылар менен сүйлөшүп, малды талаага чыгарбоосун суранганын билдирди.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Казакстандын Акмоло облусунда 38 жаштагы жаран үйүр жылкыны атып салганын КТК телеканалы билдирди.

Зерендин районунун тургуну таң алды менен келип, оттоп жаткан үйүргө ок чыгарган. Андан алты жылкы өлгөн. Окуядан кийин дароо эле кармалган ишкер баарын мойнуна алып, мал түшүмү толук жыйналып бүтө элек арпа талаасында жайылып жүрөгөндүктөн ушундай кадамга барганын айткан.

"Жылкы ээлеринен жай бою малды талаама чыгарбоосун суранып келдим. Укпай коюшту. Үйүрү менен уурдап кетип да көрдүм. Натыйжа чыккан жок. Анан ушул кадамга барууга аргасыз болдум", — дейт дыйкан.

Сурак учурунда ал дароо эле курал ала чуркабаганын, бир топко чейин жылкы ээлерин сүйлөшүү үчүн издегенин билдирген. Маалыматка ылайык, ишкер төрт ирет ок чыгарган. 

Эми ал ири көлөмдө айып пул төлөп, же эки жылга чейин эркинен ажырашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0