Базар-Коргондо жети жашар кыз таежесинин таягынан каза тапты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКапельница. Архив
Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяны милицияга райондук оорукананын кызматкерлери билдирген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айыл аймагынын 46 жаштагы тургуну убактылуу багып жүргөн жети жашар кызды сабап, таяктын уусунан кыз эртеси каза болгон. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

"Кыз таежесинен таягынан алган жаракатынан улам 8-декабрында каза болуп, анын жансыз денеси райондук "Тез жардам" бөлүмүнө алынып келинген", — деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы. 

Сот отуруму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алтын сөйкө, телефон үчүн өспүрүмдүн өмүрүн кыйган кылмышкердин иши сотко өттү
Окуяны райондук оорукананын нөөмөттөгү мээрбаны Базар-Коргон РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон аркылуу билдирген.

Бул факты боюнча учурда КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык, соттук-биологиялык экспертизалар дайындалды. 

Ал эми 46 жаштагы аял КРдин Жаза-процессуалдык кодексинин 94-беренесинин негизинде кылмышка шектүү катары кармалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0