Бишкекте велосипед уурдоо менен алектенген эки өспүрүм кармалды

Жазылуу
14-15 жаштагы уландар уурулукка баш-аягы 20 ирет барышкан. Учурда 15 велосипед табылды.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Шаардыктардын велосипеддерин уурдоо менен алектенген эки өспүрүм кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 14 жана 15 жаштагы эки өспүрүмдүн кеминде 20 уурулукка тиешелүүлүгү аныкталды. Балдар эки дөңгөлөктүү унааларды подъезддин алдынан эле айдап кетишчү.

Милиция кызматкерлери ушу маалда уурдалган 15 велосипеддин дайын-дарегин таап, бул фактылар боюнча кылмыш иши козголгонун белгилейт.

Бардык уурдалган унаалар кароосуз калтырылган жерден "жок" болуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0