Унаа ээлерин 200 миң долларга алдап кеткен шылуун кармалды

Жазылуу
Заитов жалаң гана кымбат баалуу унааларга "көз артып" келген. Учурда анын төрт курмандыгы белгилүү болду. Милиция Заитовдон кордук көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Унаа ээлерин алдап, кымбат машиналарын өзүнө ыйгарып алган 35 жаштагы Раим Заитов аттуу жаран кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, Заитов жергиликтүү тургундун ишеничине кирип 2014-жылдын сентябрь айынан тарта кийинки жылдын январь айына чейин "Лексус GS-430", "Хонда СRV" жана эки "Лексус ЕS-350" үлгүсүндөгү унааларын сатып, акчасын алып кеткен боюнча жок болгон. Мындан унаа ээси 54 миң 500 долларга чыгым болгон.

iPhone телефону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда iPhone ээлери шылуундардын курмандыгы болду
Мындан тышкары, кармалган жаран 37 миң доллар турган "Тойота Хайлэндер" жана 26 миң долларлык "Тойта Лэнд-Крузерге" кошуп 30 миң доллар акчасын кошо алып кеткен. Мындан алданган жаранга 93 миң доллар зыян келтирилген.

Укук коргоо органдарына алданган эки адамдан башка Заитовдон жабыр тарткан дагы эки жаран кайрылган. Шылуундун аракеттеринен улам алар 52,5 миң доллар чыгым тартышкан. 

Учурда Заитовго карата "Шылуундук" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, №1 тергөө абагына камакка алынды.

Милиция кызматкерлери Раим Заитовдон жабыр тарткан жарандарды 0 772 88 78 28, 0 778 77 37 37 телефондору аркылуу кабардар кылып коюусун өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0