ӨКМ жер титирөөдөн жабыркаган турак жайлар боюнча маалымат берди

© Фото / Пресс-служба МЧС КРИмараттагы жаранка. Архив
Имараттагы жаранка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда эки ирет жердин силкинүүсү катталып, биринчисинин очогу Тажикстанда болсо, андан 40 мүнөт өткөндөн кийин очогу Нарындын Жумгал районунда болгон экинчи силкинүү сезилген.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кечээ, 7-декабрда болгон жер титирөөдөн улам жабыркаган турак жайлар тууралуу маалымат берди.

Жер титирөөнүн графиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: биринчи жер титирөөнүн күчү Ошто 4, ал эми Бишкекте 3 баллга жетти
Кыргызстанда эки ирет жердин силкинүүсү катталып, биринчисинин очогу Тажикстанда болсо, андан 40 мүнөт өткөндөн кийин очогу Нарындын Жумгал районунда болгон экинчи силкинүү сезилген. Ал жерде жер титирөө MSK-64 шкаласы боюнча беш баллга жеткен. 

Жарандык коргоо боюнча комиссия Нарын облусунун 32 үйүн текшерүүдөн өткөрүп, натыйжада 13 там I даражада, бир үй II даражада, эки турак жай III, ал эми бир там IV даражадагы кыйроого туш болгону аныкталган. 

Тажикстандагы жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районундагы үйлөрдүн жабыркашына алып келген. Мында негизинен Чоң-Алай айыл аймагында эки бала бакча жана эки орто мектепте майда жаракалар кеткени такталды. Жекенди айыл аймагында жергиликтүү оорукана менен мектеп жабыркаганы айтылууда. 

ӨКМ учурда үйлөрүндө жаракалар кеткен жарандардан маалыматтар түшүп жатканын кабарлады.

Жарандык коргоо боюнча комиссия Нарын жана Ош облустарындагы турак жайларды текшерүүнү улантып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0