Алайда асылып калган жоокердин сөөгү табылды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24 жаштагы жоокер былтыркы жылдын жаз айында аскерге чакырылган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрында келишимдик негизде аскердик кызмат өтөгөн 24 жаштагы жоокердин сөөгү табылган. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдын жазында Алай райондук аскер комиссариаты тарабынан аскерге чакырылган аталган жоокер Гүлчө айлындагы батирде асылып калган. 

Башкы штабы учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, аны менен катат кызматтык териштирүү болуп жатканын белгиледи. Анын жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат берилмекчи.

Мындан тышкары, жоокер мындай кадамга энеси менен болгон пикир келишпестиктерден улам барышы мүмкүн деген божомол да айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0