Жарым саат ичинде Кыргызстанда эки жолу жер титиреди

© Sputnik / Табылды КадырбековАсфальттагы жаранкалар. Архив
Асфальттагы жаранкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматтар боюнча экинчи жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын түндүгүндө катталган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жарым саат ичинде Кыргызстанда эки жолу жер титиреди. Жердин сейсмикалык активдүүлүгүн онлайн түрдө аныктаган сайттын маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Кыргызстанда катталып, магнитудалык силкинүү күчү 5,3 болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча жер титирөөнүн очогу Миң-Куш айыланан 40 чакырымдай алыстыкта орун алган.

Сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кайтадан жер силкинди
Буга чейин саат 13:52лер чамасында да жердин силкинүүсү катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча биринчи жер титирөөнүн очогу Тажикстанда болуп, анын магнитудалык күчү 7,2ге жеткен. 

Тажикстандын чек арасына жакын жайгашкан Алай районундагы администрацияда иштеген сыртка чуркап чыгышкан. Учурда кызматкерлери ордуларына келип, иш кадимкидей уланып жатканын өзүн Илиясбек Төлөшев деп тааныштырган жергиликтүү тургун Sputnik агенттигине билдирди.

Кыргызстанда жер титиреди
Кыргызстанда жер титиреди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жер титиреди

Жаңылыктар түрмөгү
0