Кыргызстанда кайтадан жер силкинди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф
Сейсмограф - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөө Кыргызстандын айрым аймактарында бир топ сезилди.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кайрадан жер силкинди. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча жер титирөөнүн очогу Тажикстандын Тоолуу Бадахшан аймагында катталган.

Асфальттагы жаранкалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жарым саат ичинде Кыргызстанда эки жолу жер титиреди
Министрликтин өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын жетекчиси Мухаммед Сваровдун айтымында, болжолдуу магнитудасы 7,2ге жетти. Ал азырынча маалымат бири-бирине каршы келип жатканын кошумчалады.

Учурда министрлик тактоо үчүн тажик кесиптештери менен байланышууда.

Ош облусунун Алай райондук администрацияда иштегендер жер титирөө башталганда сыртка чуркап чыкканын өзүн Илиясбек Төлөшев деп тааныштырган жергиликтүү тургун Sputnik агенттигине билдирди.

Жарым саат ичинде Кыргызстанда эки жолу жер титиреди бул жөнүндө Sputnik жаңылыгында окуңуз>>

Мындан тышкары, Чоң Айлай районунун жашоочусу жердин силкинүүсү аймакта 1,5 мүнөткө созулганын, учурда жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу маалымат жок экенин айтты. 

Кыргызстанда жер титиреди
Кыргызстанда жер титиреди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жер титиреди

Жаңылыктар түрмөгү
0