Бишкекте көмүскө күйүүчү май саткан база аныкталды

© Sputnik / Денис Гуков / Медиабанкка өтүүАвтоунаага салынган канистр. Архив
Автоунаага салынган канистр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
База атайы май сатуу үчүн ылайыкталып жасалган. Мыйзамсыз ташылган көк май Казакстандан жүк ташуучу унаалардын багына куюлуп келип, андан кийин жерге көмүлгөн цистерналарга куюлган.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Бишкекте күйүүчү майды көмүскө саткан база аныкталганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, багына бир тонна май баткан жүк ташуучу унаалар менен дизель майы Казакстандан ташылган. Базага келгенден кийин ал насостун жардамы менен жерге көмүлгөн алты цистернага куюлуп, андан соң бензовоздорго таратылган.

Пистолет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада жер алдына көмүлгөн челектерден дизель майын саткан жаран колго түштү
Иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган базадан 27 тонна дизель майын алып чыгып бара жаткан унаа кармалган. Мындай айдоочунун уруксат берүүчү документтери жана салык кызматынын милдеттүү пломбалары жок экени анык болгон.

Кармалган машина атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди.

Учурда аталган фактылар боюнча тергөө амалдары башталып, иштин чоо-жайы иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0