Тендер өткөрбөстөн келишим түзгөн ЖАМК кызматкерлери 5,5 млн. сомдук зыян келтирген

Жазылуу
ЖАМК кызматкерлери менен жатак абактардын жетекчилери дыйкан чарбалар 23,6 миллион сомдук келишим түзгөн.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызмат өкүлдөрүнүн мыйзамсыз иш-аракетинен мамлекетке 5,5 миллион сом зыян келтирилгенин УКМК аныктап чыкты. 

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлиги бут кийим сатып алууда 3,2 млн. сом зыян келтирген
Маалыматка ылайык, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" мыйзамынын талаптарын бузуу менен ЖАМКнын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана жатак-абактарынын жетекчилери тиешелүү тендер жүргүзбөстөн түзөтүү колонияларына айыл чарба азыктарын жеткирүү боюнча 23 миллион 61,7 миң сомдук суммага дыйкан чарбалары менен келишим түзгөн.

Мындан мамлекеттик казынага 5 миллион 449,3 миң сом өлчомдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура кылмыш жаза кодексинин 304 ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 306 ("Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыру") беренелерине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0