Жасалма диплом менен мамлекеттик чин алган экс-депутат Төрөбековдун иши сотко өттү

© Фото / пресс-служба ЖК КРЭкс-депутат Нурлан Төрөбеков. Архив
Экс-депутат Нурлан Төрөбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшере келгенде Төрөбеков университетти толугу менен аяктабагандыгы ачыкка чыкты. Бирок жең ичинен сүйлөшүү менен жасалма дипломго ээ болуп, анын натыйжасында мамлекеттик чинге ээ болгон.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Экс-депутат Нурлан Төрөбековго карата козголгон кылмыш иштин тергөөсү аяктап, Октябрь райондук сотуна жиберилгенин Башкы прокуратура билдирди.

Диплом кармаган офицер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма диплом менен 8 жыл иштеп келген милиция кызматкери кармалды
Маалыматка ылайык, Төрөбеков 2011-жылы ЖК депутаты болуп турган мезгилде президенттин аппаратына Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти аяктагандыгын тастыктаган дипломдун көчүрмөсүн алып келген. Ал нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн. Аталган дипломдун жана башка документтердин негизинде Төрөбеков "3-класстагы мамлекеттик кызматтын мамлекеттик кеңешчиси" деген чинге ээ болгон.

Бирок текшере келгенде ал 2003-жылы 5-курстан окуудан чыгып калган. Ал эми университеттин маалыматы боюнча Төрөбековго диплом берилген эмес жана каттоо китебинде катталбаган. Мындан тышкары, экс-депутат көрсөткөн дипломдун номериндеги документ таптакыр башка жаранга берилгени маалым болду.

2014-жылдын 7-октябрында Башкы прокуратура депутатты кылмыш жоопкерчилигине сунуш киргизип, бирок ал парламент тарабынан четке кагылган. 

Учурда кылмыш иши сотко жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0