Жайылда гараждын чатырынан өлгөн адамдын сөөгү табылды

Жазылуу
ӨКМ табылган европа улутундагы адам болжол менен 25-30 жашта экенин белгиледи.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жайыл районунда кооперативдик гараждардын чатырынан европа улутундагы адамдын жансыз денеси табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, чатырлар Фрунзе көчөсүндө жайгашкан. Министрлик табылган адамдын болжол менен 25-30 жашта экенин айтууда. 

Учурда жарандын аты-жөнүн жана өлүмүнүн себептерин тактоо иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0