Мас уулунун жоругуна чыдабаган атасы аны арматура менен башка чаап өлтүргөн

Жазылуу
Кызуу келген Василий үйүнө ызы-чуу салып, жакындары менен уруша баштаган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чоң-Арык айылында мас болуп келген баласын арматура менен өлтүрө чапкан жаран суракка алынып жатканын Бишкек ШИИБ билдирди.

Айнек идиштеги арак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Арак ичип отуруп агасын сабап өлтүргөн 30 жаштагы жаран камакка алынды
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-ноябрь күнү болжол менен саат 16.00дө 38 жаштагы Василий аттуу жаран мас болуп келип, үйдөгү ата-энеси менен уруша баштаган. Уулунун осол жоругу менен ачуу сөзүнө жаны күйгөн 66 жаштагы атасы аны арматура менен башка чапкан. Алган жараатынан улам Василий каза тапкан.

Бул факт боюнча үй-бүлө ээси камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0