Баткенде сот аткаруучу кызматы үчүн 100 миң сом пара алып жаткан жетекчи кармалды

Жазылуу
Сот департаментинин башкармалыгынын жетекчиси Лейлек району боюнча сот аткаруучу болуп дайындала турган адамдан ири өлчөмдө пара талап кылган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси кызматка алуу үчүн 100 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, башкармалыктын жетекчиси Лейлек району боюнча сот аткаруучулук кызматка дайындоо үчүн пара талап кылган. 

Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан жетекчиге карата кылмыш жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0