Маликовго кол салууга шектелгендер Түркиядан колго түштү

Жазылуу
Милиция кызматкерлери буга чейин кылмышка шектелип жаткандардын шериктерин колго түшүрүп, тинтүү учурунда алардын үйүнөн экстремисттик мазмундагы адабият, ошондой эле курал-жарак жана ок-дарылар табылган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Аалым Кадыр Маликовго кол салууга шектелген эки жаран Түркиянын Газиантеп шаарынан кармалганын ИИМ билдирди.

Буга чейин Маликовду бычактап кеткен Тилек уулу Алибек жана Ырыскул Бейшеналиев "Ислам мамлекети" террористтик тобунун мүчөлөрү экени аныкталган. Кол салган түнү алар Казакстанга чыгып, андан ары Түркияга учуп кеткени маалымдалган.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадыр Маликовго кол салгандардын шериктери кармалды
Милиция кызматкерлери кылмышка шектелип жаткандардын шериктерин колго түшүрүп, тинтүү учурунда алардын үйүнөн экстремисттик мазмундагы адабият менен кошо курал-жарак жана ок-дарылады табышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында "Асанбай" кичи районунун аймагынан дүкөндөн чыгып келе жаткан Маликовго кол салуу болуп, анын мойну менен бет жагына бычак уруп кетишкен. Натыйжада теолог оор абалда ооруканага жеткирилип, ага шашылыш түрдө операция жасалган.

Ал эми шектүүлөргө эл аралык издөө жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0