Коргоо министринин мурунку орун басарына кылмыш иши козголду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКоргоо министринин мурунку орун басары Таалайбек Өмүралиев. Архив
Коргоо министринин мурунку орун басары Таалайбек Өмүралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда акча ишкана тарабынан коммерциялык структураларга которулуп, эки жыл бою мыйзамсыз "айланып" жүргөнү маалым болду.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Коргоо министринин мурунку орун басары Таалайбек Өмүралиевге жана мекеменин бир катар жооптуу кызматкерлерине карата мамлекеттик акчаны мыйзамсыз пайдаланган деген шек менен кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коргоо министрлигинде иштегендердин жаңы коррупциялык аракеттери аныкталууда
Маалыматка ылайык, 2013-жылдын 17-апрелинде Коргоо министрлиги атайын эсебинен 5 миллион сом берүү боюнча "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы менен келишим түзгөн. Бирок, акча ишкана тарабынан коммерциялык структураларга которулуп, эки жыл бою мыйзамсыз "айланып" жүргөн.

Текшерүүнүн натыйжасы менен Өмүралиевге, министрлик менен "Аскер курулуштун" бир катар кызматкерлерине "Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу же максатсыз пайдалануу" жана "Кызмат абалын кыянаттык менен колдонуу" беренесинин негизинде Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0