Ысык-Көлдө ок-дары катылган жай табылды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк. Архив
Ок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин табылга ИИМ кызматкерлерине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда белги берүүчү Шпагин тапанчасы, эки 16 калибрлүү аскердик ок менен бирге 70 грамм өлчөмүндө кара куурай катылган жер табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ок-дары катылган жер Ак-Суу районунун Жаңы-Арык айылындагы төрт кабаттуу кароосуз калган имараттын жер төлөсүндө жайгашкан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин табылга ИИМ кызматкерлерине өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0