270 миллион сомдой салыкты кымырып келген жаран кармалды

Жазылуу
Үй камагында экенине карабай, мыйзамсыз аракеттери менен казынага чоң зыян алып келген жаран учурда убактылуу кармоочу жайда отурат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Он бештен ашык жалган фирма ачып, мамлекетке 268 миллион сомго жакын зыян келтирген жаран аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясы билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элдин акчасын кымырып алган айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кармалды
Маалыматка ылайык, Р.К. аттуу жаран 15тен ашык жасалма фирма ачып, жалган ташууларды ишке ашырып келген. Ал салык боюнча эсеп-фактураларды нөл көрсөткүч менен тапшырып келген. Тергөө учурунда аныкталгандай, ал киши үй камагында жатканына карабай, ушундай мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 182-беренесинин (жалган ишкердик) негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда бул коррупциялык схемага тийиштиги бар кишилерди аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Шектүү жаран убактылуу кармоо жайына камакка алынды, Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0