Сууга аккан эки жарандын ким экени такталууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери. Архив
ӨКМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азиат улутундагы эки эркек кишинин бири Чоң Чүй каналынан, экинчиси Чу дарыясынан табылган. Алар 40-50 жаштагы жарандар экени айтылууда.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Чоң Чүй каналы менен Чу дарыясынан азиялык улуттагы эки эркек адамдын жансыз денелери табылганын ӨКМ билдирди.

Куткаруучу тегерек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токмокто каналга милиция кызматкери менен кошо аккан кыздын өздүгү такталды
Маалыматка ылайык, эки сөөк тең кечээ, 26-ноябрь күнү түшкө маал табылган. Болжол менен 40-50 жаштагы жарандын бирин алты куткаруучу Васильев көчөсүнүн аймагындагы Чоң Чүй каналынан, ал эми экинчисин үч куткаруучу Бишкек-Торугарт унаа жолунун 127-чакырымында Чу дарыясынан алып чыгышкан. 

Өлгөн адамдардын сөөгүн куткаруучулар милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда алардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0