15:35 18 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.7558
  • RUB1.1033
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
173 0 0

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери цирктин жатаканасында жашоочуларды кууп чыгууга аракет кылышкан. Милициянын айтымында, бул адамдар жатаканада орундарды мыйзамсыз ээлеп келет.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Шаардык милиция цирктин жатаканасында жашаган 10 үй-бүлөнү чыгарууга аракет кылганын Sputnik кабарчысы жеринен билдирди.

Аталган жатакана Шопоков менен Абдырахманов көчөлөрүнүн ортосундагы Жумабек көчөсүндө жайгашкан. Жатаканада 75 бөлмө бар.

  • Шаардык милиция цирктин жатаканасында жашаган 10 үй-бүлөнү чыгарууга аракет кылган.
    Шаардык милиция цирктин жатаканасында жашаган 10 үй-бүлөнү чыгарууга аракет кылган.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Аталган жатакана Шопоков менен Абдырахманов көчөлөрүнүн ортосундагы Жумабек көчөсүндө жайгашкан.
    Аталган жатакана Шопоков менен Абдырахманов көчөлөрүнүн ортосундагы Жумабек көчөсүндө жайгашкан.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Жатаканада 75 бөлмө бар.
    Жатаканада 75 бөлмө бар.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Жашоочу Гүлмира Иманкожоеванын айтымында, милиционерлер тургундарды имарат сатылып кеткендиктен чыгарып жатканын билдиришкен.
    Жашоочу Гүлмира Иманкожоеванын айтымында, милиционерлер тургундарды имарат сатылып кеткендиктен чыгарып жатканын билдиришкен.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Иманкожоева айрым тургундар укук коргоо органдарынын кызматкерлерин киргизбөө үчүн буюм-тайымдарын өрттөшкөнүн кошумчалады.
    Иманкожоева айрым тургундар укук коргоо органдарынын кызматкерлерин киргизбөө үчүн буюм-тайымдарын өрттөшкөнүн кошумчалады.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
  • Жашоочулардын айтымында, аталган жатакана талашы боюнча соттук териштирүү 10 жылдан бери уланууда.
    Жашоочулардын айтымында, аталган жатакана талашы боюнча соттук териштирүү 10 жылдан бери уланууда.
    © Sputnik / Эркин Алымбеков
1 / 6
© Sputnik / Эркин Алымбеков
Шаардык милиция цирктин жатаканасында жашаган 10 үй-бүлөнү чыгарууга аракет кылган.

Жашоочу Гүлмира Иманкожоеванын айтымында, милиционерлер тургундарды имарат сатылып кеткендиктен чыгарып жатканын айтат.

"Алар подъезддин тосмосун сындырып, эшиктерди талкалап салышты. Оокат-жайыбызды эшикке ыргытып, жашоочуларды кууп чыкканга аракеттеништи", — деди ал. 

Иманкожоева айрым тургундар укук коргоо органдарынын кызматкерлерин киргизбөө үчүн буюм-тайымдарын өрттөшкөнүн кошумчалады.

Жашоочулардын айтымында, аталган жатакана талашы боюнча соттук териштирүү 10 жылдан бери уланууда. Ушул убакка чейин имаратты сатып алган жарандын аты аталбай келет. 

Кыргыз улуттук цирктин директору Курмангазы Исанаев Sputnik маалымат агенттигине аталган имарат цирктин балансындагы конок үйү экенин айтып, ал жактагылар мыйзамсыз жашап жатат дейт. Жогорку соттун 2012-жылдын 23-октябрындагы чечимине ылайык, конок үйдө жашагандар чыгарылышы керек экенин кошумчалады ал.

"Сот акыркы чечимди биздин пайдабызга чыгарып, ал жакта мыйзамсыз жашап жүргөндөр чыгарылсын деген. Аны сот аткаруучулар аткарбай келди. Мына бүгүн келип соттун чечимин аткарып жатат", — деди ал.

Исанаев аталган конок үйдө 56 бөлмө бар экенин, ал жакта циркта иштеген 14 эле үй-бүлө жашарын, калгандары мыйзамсыз турушарын белгиледи.

Тема боюнча

"Зеленстрой" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду
Белгилер:
цирк, жатакана, сот, мушташ, Өрт

ЭҢ МААНИЛҮҮ