Иркутскидеги жол кырсыгында үч кыргыз жараны каза болгону такталды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин жол кырсыгы М-53 унаа жолунунун 1418-чакырымында Нижнеудинскиден 40 чакырым алыстыкта болгону кабарланган.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россиянын Иркутск облусунда эки микроавтобустун кагылышуусунан үч кыргыз, үч орус жана бир тажик каза болгонун "Замандаш" ассоциациясы аталган аймакта жашаган кыргызстандык Тынчтыкбек Абдылдаевдин сөзүнө таянып билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иркусткидеги эки унаанын кагылышуусунан жети кыргызстандык каза болду
Буга чейин Россиянын Иркутск облусу боюнча ИИМи жол кырсыгы М-53 унаа жолунунун 1418-чакырымында Нижнеудинсктен 40 чакырым алыстыкта болгонун, анда каза болгон жүргүнчүлөрдүн баары Россиянын жарандыгы алган кыргыздар экенин кабарлаган. Анда "Тойота Хайс" менен "Санг Янг Истана" микроавтобустар бетме-бет сүзүшүп кеткени айтылып, каза болгондордон тышкары, дагы эки жабырлануучу ооруканага жеткирилгени айтылган.

Маалыматка ылайык, Нижнеудинск-Тулун багыты боюнча кетип бара жаткан "Санг Янг Истана" унаасында товар алуу үчүн Братск шаарына байма-бай каттаган жарандар экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0