Беш күндөн бери изделип жаткан аңчынын сөөгү көчкүнүн алдынан табылды

Жазылуу
Издөө иштерин ӨКМдин кызматкерлери менен кошо жергиликтүү 23 тургун да жүргүзгөн.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Беш күндөн бери изделип жаткан, Жумгал районунун Миң-Куш айылынан чыгып кеткен экинчи жарандын сөөгүн кечээ ӨКМдин куткаруучулары эки жарым метрлик көчкүнүн алдынан таап чыгышты.

ӨКМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жумгалда мергенчиликке чыгып дайынсыз кеткен тургунду издөө улантылууда
ӨКМдин кызматкерлери менен кошо  жергиликтүү 23 адам да айылдашын издешкен.

Миң-Куш айылынын алты тургуну үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында "Миң-Бугу" тилкесине мергенчиликке чыгып, кайтып келе жатканда өзүнчө кетебиз деп бөлүнүп кеткен эки жаран дайынсыз жоголуп кеткен. 

Эки кишинин бирөөсүнүн жансыз денесин төрт күндөн кийин жергиликтүү жашоочулардын жардамы менен табылган. Анын сөөгүн ошол эле күнү бир тууган агасына өткөрүп беришкен. Ал эми экинчиси кечээ табылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0