Үй шартында даярдалган салатка ууланып, Таш-Көмүр шаарында бир аял каза болду

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
24-ноябрда саат 15.45те Таш-Көмүр шаарынын тургундары 73 жаштагы кемпир менен 35 жаштагы аял оор абалда ботулизм оорусуна шектелип шаардык ооруканага "тез жардам" аркылуу алып келинген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында үй шартында даярдалган салатка ууланып, 73 жаштагы кемпир каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-ноябрда саат 15.45те Таш-Көмүр шаарынын тургундары 73 жаштагы кемпир менен 35 жаштагы аял оор абалда ботулизм оорусуна шектелип шаардык ооруканага "тез жардам" аркылуу алып келинген.

Көмүр шахтасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүлүктү шаарындагы шахтада үч адам газга ууланып каза болду
Алар 23-ноябрда үй шартында мөмө-жемиштен консервацияланып жасалган салат жегени аныкталган. Аталган үй-бүлөдө салатты экөөнөн башка эч ким жеген эмес. Жабыркагандарга ооруканага түшкөндөн тартып тиешелүү дары-дармектер берилген. Ошого карабастан оор абалда жаткырылган 73 жаштагы кемпир каза болгон. Ал эми 35 жаштагы аялдын абалы оор бойдон калууда. Учурда ал дарыланып жатат. 

Учурда салаттын калдыгы санитардык бактериологиялык лабороторияга жөнөтүлгөн.

Азыркы учурда уулануунун алдын алуу боюнча санитардык агартуу иштери үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0