Ошто бейтаптан пара алып жаткан ак халатчан кармалды

Жазылуу
Жергиликтүү тургуну өз арызында дарыгер анын саламаттыгын текшерип, дарылоо үчүн акча талап кылганын жазган.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ош ШИИБ кызматкерлери шаардык тери-венерологиялык борбордун дарыгерин пара алып жаткан жеринен колго түшүргөнүн ИИМ билдирди.

Кол кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто Каттоо кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кылтакка илинди
Маалыматка ылайык, шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылып, дарыгердин мыйзамсыз аракетине чара көрүүнү талап кылган. Арызында аталган медициналык мекеменин кызматкери бейтапты текшерип, стационардык шартта дарылоо үчүн 7000 сом өлчөмүндө акча каражатын сураганы айтылат.

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө аракеттеринин натыйжасында аталган ак халатчан 5500 сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0