Жети-Өгүздө айдоочу бакты сүзүп, ичиндеги 7 кишинин бирөөсү каза болду

Жазылуу
Учурда милиция кызматкерлери жол кырсыгына кабылган адамдардын аты-жөнүн тактап жатат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда бүгүн түнү "Москвич" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзүп, анын кесепетинен ичиндеги жети адамдын бирөөсү каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кырсыкка кабылгандардын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерге барган куткаруучулар каза болгон адамды унаадан чыгарып, жабыркаган үч адамды жолдо кетип бараткан машина менен райондук ооруканага жеткиришкен. 

Калган үч жаранды тез жардам кызматкерлери алып кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0