Ошто Каттоо кызматынын өкүлү пара алып жаткан жеринен кылтакка илинди

Жазылуу
Кызматкер жергиликтүү тургундан жер тилкесине мамлекеттик акт берүү үчүн пара талап кылганы анык болду.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Жер тилкесине мамлекеттик акт берүү үчүн Кара-Суу райондук каттоо кызматынын өкүлү жергиликтүү тургундан беш миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош облусунун тургуну кайрылып, каттоо кызматынын адисине карата чара көрүүнү талап кылган. 

Бул боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган кызматкер пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0