РФ Коргоо министрлиги: Сирияда үч россиялык журналист жарадар болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүСириянын желеги. Архив
Сириянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттерди ташып бара жаткан унаа дүйшөмбү күнү аткылоого туш болгон.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Сирияда үч россиялык журналист машинасы аткылангандан кийин жарадар болгонун Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.

"Кечээ, 23-ноябрда россиялык журналисттердин унаасы сириялык аскерлердин алдыңкы позициясы жайгашкан Дагмашлия калктуу пунктуна бара жатканда аткылоого туш болгон. Машина "ТОУ" танктарга каршы ракетадан атылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда россиялык журналисттердин тобу "Хмеймим" авиабазасына кайтышты. Жарадар болгондорго медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жабыркагандардын биринин баш мээси чайкалганы айтылып жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0