Жумгалда аң уулоого чыккан беш адамдын бири тоңуп өлүп, экинчиси изделүүдө

Жазылуу
Издөөгө чыккандар жоголгондордун бирөөсүнүн кар астында тоңуп каза болгон жансыз денесин Миң-Бугу жайлоосунун Зындан тилкесинен табышкан.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жумгал районунда аң уулоого чыккан беш кишини бирөө тоңуп каза болгонун, экинчисин издөө иштери улантылып жатканын ӨКМ билдирди.

Комьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: 13 күндөн бери дайынсыз жоголгон жаран интернет-клубда "Дота" ойноп жүргөн
Маалыматка ылайык, Миң-Куш айылынын тургундары Миң-Бугу тилкесине мергенчиликке үстүбүздөгү жылдын 20-ноябрында чыгышкан. Кайтып келе жаткандан бешөөнүн экөөсү башка жол менен баруу үчүн башкалардан бөлүнүп, ошол боюнча дайынсыз кеткен.

Жоголгон адамдарды издөө үчүн 23-ноябрда алардын туугандары жана айылдык тургундар болуп жыйырма адам саат 01:30 чамасында чыккан. Натыйжада бирөөсүнүн Миң-Бугу жайлоосунун Зындан тилкесинде кар астында тоңуп каза болгон жансыз денесин табышкан. Экинчи адамды издөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0