Ошто болгон жер титирөөнүн күчү 6,5 баллга жетти

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф. Архив
Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөөнүн күчү Лангар, Кара-Сөгөт, Бек-Жар, Чайчи, Кызыл-Туу айылдарында 6-6,5 балл, ал эми Ош шаарында 5 баллга чейин сезилди.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен саат 10.46да болгон жер титирөөнүн күчү очогунда 6-6,5 баллга жеткенин Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөнүн очогу болуп Кыргызстандын аймагындагы Кара-Сегет айылынан 7 чакырым алыстыктагы түндүк-чыгыш жана Ош шаарынын 30 чакырым алыстыктагы түштүк-чыгыш бөлүгү эсептелүүдө. 

Случаи землетрясения - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын түштүгүндө кайтадан жер силкинди
Жер титирөөнүн күчү Лангар, Кара-Сөгөт, Бек-Жар, Чайчи, Кызыл-Туу айылдарында 6-6,5 балл, ал эми Ош шаарында 5 баллга чейин сезилди.

Бул аталган аймакта күчү сезилген төртүнчү жер титирөө болду. Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү Оштун Кара-Суу жана Алай райондорунда 7 баллдан 4 баллга чейинки жер титирөө катталган. Мындан бир катар турак жайлар жараксыз абалга келип, үй-жайсыз калгандар убактылуу чатыр, боз үй жана мектеп класстарында баш калкалап жатышат.

Ал эми жердин сезилерлик силкинүүсүнөн соң болуучу майда титирөө — афтершоктордун саны 60тан ашканын Сейсмология институтунун сейсмикалык коркунучту аныктоо лабораториясынын башчысы Медербек Өмүралиев маалымдаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0