Базар-Коргондо жетекчи кол алдындагы кызматкерди үч жолу башка аткан

Жазылуу
Тарыхчиев Исаев менен иш бөлмөсүндө уруша кетип, газ менен атуучу травматикалык тапанчадан төрт жолу ок чыгарган. Башына, колуна ок жеген жаран ооруканага жаткырылган.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын жетекчиси Эмилбек Тарыхчиев кол алдында иштеген кызматкери Эмил Исаевди үч ирет башка, бир жолу оң колуна атканы аныкталганын Башкы прокуратура билдирди.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо кол алдындагы кызматкерин аткан жетекчи кызматынан убактылуу бошотулду
Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында МКК башкармалыгынын кызматкери ок жеп жергиликтүү ооруканага кайрылганы маалым болгон. Башы, колу жана кулагынан жарадар болгон 51 жашар жаран келген укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.

Маалыматка ылайык, Тарыхчиев  менен Исаев иш бөлмөсүндө уруша кетип, биринчиси газ менен атуучу тапанчадан аткан. Натыйжада Исаев ооруканага жаткырылган. 

Учурда аталган кылмыш иши Жалал-Абад облустук прокуратуранын кароосуна жөнөтүлүп, ыкчам иликтөө тобу түзүлгөн. Прокуратура бардык тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0