Базар-Коргондо Каттоо кызматынын кызматкерин жетекчиси жарадар кылганы такталды

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында МКК башкармалык жетекчиси кулагына ок жеп жергиликтүү ооруканага кайрылган. Башы, колу жана кулагынан жарадар болгон 51 жаштагы жаран келген укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берүүдөн баш тарткан.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын жетекчиси кол алдындагы кызматкерин жарадар кылганы тастыкталганын ИИМ билдирди.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Базар-Коргондо Каттоо кызматынын өкүлү ок жеп, жетекчиси милицияга чакыртылды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-ноябрында МКК башкармалык жетекчиси кулагына ок жеп жергиликтүү ооруканага кайрылган. Башы, колу жана кулагынан жарадар болгон 51 жаштагы жаран келген укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. 

Аталган факт боюнча соттук-медициналык, биологиялык жана башка экспертиза дайындалган. Ага ылайык, жарандын денесине райондук каттоо бөлүмүнүн башчысы зыян келтиргени аныкталды.

Учурда бардык чогултулган материал прокуратурага жөнөтүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0