Милиционерлер наркодилерди алдастаганынан аныкташты

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин баш кийими жана кишен. Архив
Милиция кызматкеринин баш кийими жана кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаадан арткы бөлүккө салынган бир килограммдан ашуун нашаа табылган.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда ири көлөмдө нашаа ташып бара жаткан жаран колго түшүрүлгөнүн Чүй ШИИБ билдирди.

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда ири көлөмдө нашаа саткан аял кармалды
Маалыматка ылайык, "Сосновка" постунан шаарды көздөй бара жаткан унаа токтотулган. Таксисттин документтерин текшерип жатып, милиционерлер унаадагы жүргүнчүнүн алдастап жатканын байкашкан.

Машинаны текшере келгенде арткы бөлүгүнөн жүргүнчүгө таандык баңгизат салынган баштык табылган. Бир баштыкта ар бир пакетте 30 ширеңке кутусуна салынган 500 грамм өлчөмүндө, ал эми экинчисинде 880 грамм ныкталган баңгизат табылган. Бардыгы болуп унаадан 1 килограмм385 грамм нашаа алынган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0