Базар-Коргондо Каттоо кызматынын өкүлү ок жеп, жетекчиси милицияга чакыртылды

Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү кулагына ок жеп жергиликтүү ооруканага кайрылган. Милиция аталган кызматкер менен анын жетекчисинин ортосунда чатакташуу болгон деген версияны да кароодо.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын жетекчиси кол алдындагы кызматкеринин жарадар болушу боюнча милицияга чакыртылды. Бул тууралуу Sputnik кабарчысына райондук ИИБ билдирди.

Кишен тагылган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаадагы почта кызматкерлерине кол салган киши кармалды
Милициянын маалыматы боюнча МКК өкүлү кулагына ок жеп жергиликтүү ооруканага кайрылган. Жарадар болгон жаран келген укук коргоо кызматкерлерине көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. 

Милиция мекеме кызматкерлери өз ара мушташып кеткен деген божомолду айтууда. Дагы бир версия боюнча чыр-чатакка башкармалыктын жетекчисинин түздөн-түз тиешеси бар. 

"Азырынча курал пайдаланылгандыгы тууралуу маалымат тактала элек. Тергөө жүрүп жатат. Факт боюнча МКК өкүлү гана жабыр тарткан. Учурда мекеменин жетекчиси милицияга чакыртылды", — дейт РИИБ.

Укук коргоо органдарынын билдиришинче Каттоо кызматынын башка кызматкерлери имаратта кандайдыр бир чектен ашкан окуя болбогонун айтышууда. Жетекчинин кабинетинен куралдын огу же башка бир далилдер табылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0