Баштыгында 14 кг кара куурай алып жүргөн жаран кармалды

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүКара курайды жок кылуу. Архив
Кара курайды жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран буга чейин киши өлтүргөнү үчүн соттолуп чыкканы белгилүү болду.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кара-Балта шаарында баштыгында 14 килограмм кара куурай алып бара жаткан жаран кармалганын Чүй облустук ШИИБ билдирди.

Кутуга салынган 8 килограмм баңги зат алынды
Маалыматка ылайык, 12-ноябрь күнү болжол менен саат 10.00дө ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында аталган шаардын көчөлөрүнүн биринен 50 жаштагы тургун кармалып, андан ири көлөмдөгү кара куурай табылган. 

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран буга чейин киши өлтүргөнү үчүн соттолуп чыкканы белгилүү болду.

Учурда кылмыш ишин козгоо маселеси каралып, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0