ИИМ: интернетте экстремисттик кайрылуу жасаган жаран кыргызстандык болуп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКалашников автоматтары. Архив
Калашников автоматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын дагы бир жараны учурда Сириянын согуш аймагында жүргөндүгү анык болду.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Октябрдын ортосунда интернет аркылуу экстремисттик мүнөздөгү видео кайрылуу тараткан Кыргызстандын жараны делген киши 22 жаштагы Б.А. аттуу Лейлек районунун Достук айылынын тургуну экени аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал видео кайрылууну 13-октябрда интернетке жарыялаган. Учурда ал Сириянын согуш жүрүп жаткан аймагында экени аныкталганын ИИМден кошумчалашты.

Калашников автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Россияга жихад жарыялаган кыргызстандыктын ким экени такталууда
Бардык материалдар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке берилди.

Белгилей кетсек, октябрь айынын аягында бир катар ЖМКлар интернет аркылуу Россияга жихад жарыялаган кыргызстандык бала тууралуу жазып чыгышкан. Ал видео кайрылуусунда башка согушкерлер менен бирге колуна курал кармап, Россиянын Сирияда жүргүзүп жаткан аскердик аракеттерин сынга алган. Видеодогу 20-23 жаштардагы баланы бир катар ЖМКлар Лейлек районунун тургуну Аскарбек Андабаевге окшоштуруп, балким, ошол бала болушу мүмкүндүгүн жазышкан.

Ички иштер министрлиги Б.А. аттуу КРдин жараны буга чейин интернет аркылуу Россияга жихад жарыялаган бала эместигин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0