Калининградда кран кулап кыргызстандык жаш жаранды басып калды

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курулушта иштеп келген кыргызстандык жумушчу алган жараттарынан улам тез жардам кызматкерлери келгиче көз жумган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Россиянын Калининград шаарында кран кулап 20 жаштагы кыргызстандык Мухтар Абдраимовду басып калган.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 11-ноябрь күнү түштөн кийин болгон. Аксаков көчөсүнө салынып жаткан көп кабаттуу турак-жайдын курулушунда крандын бетон аралашмасын көтөрүп жаткан бөлүгү кулап, пайдубал куюп жаткан 20 жаштагы кыргызстандык жумушчуну басып калган. Алган жараттарынан улам ал тез жардам келгиче каза болгон. 

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түркиянын Анталия шаарында автобус ала салып, кыргызстандык беш жаран жаракат алды
Алдын ала маалымат боюнча окуя болгон жерге келген укук коргоо кызматкерлери иликтөө жүргүзүп, металл конструкция крандын негизги тросторунун бири үзүлүп кеткендиктен кулаганын аныкташкан. 

Учурда тергөө окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Кырсык болгон жер текшерилгенден кийин кылмыш ишин козгоо маселеси чечилмекчи. 

Абдраимов ата-энеси менен беш жылдан бери Калининградда жашап келген. Үч бир туугандын ортончусу, жарым жылдан бери курулуш тармагында бетон куюп иштеп жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0