Акыйкатчы: сот үч жылдан бери аялга айып такпай абакта кармап келген

Жазылуу
Мыйзам боюнча учурда соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктап, жаранды камакта кармоо мөөнөтү да узарып барат. Бахаутдинов мындай кадамдын артында укук коргоо жана сот органдарынын күнөөнү мойнуна алдыруу аракети жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Үч жылдан бери Бишкектин №1 абагында отурган жаранга карата сот чечими чыгарылбай келет. Бул тууралуу аталган жарандын адвокаты Мухтар Бахаутдинов Акыйкатчы институтуна кайрылган арызында билдирген.

Маалыматка ылайык, абактагы жаран 2012-жылдын 29-августунда кармалган. Мында протокол 10 сааттан кийин түзүлүп, жактоочусуна да бир суткадан кийин гана кирүүгө уруксат берилген. 

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баңгизат саткан тажик жаранынын күнөөсүн жашырган судья жоопко тартылат
Адвокаттын айтымында, аталган мыйзам бузууларга карабастан, Свердлов районунун соту Эсеналиев аталган жаранды камакка алуу чечимин кабыл алган. 

Мыйзам боюнча учурда соттук териштирүүнүн мөөнөтү аяктап, жаранды камакта кармоо мөөнөтү да узарып барат. Бахаутдинов мындай кадамдын артында укук коргоо жана сот органдарынын күнөөнү мойнуна алдыруу аракети жатканын белгилейт. 

Аталган факт боюнча акыйкатчынын милдетин аткаруучу Гүлнар Жамгырчиева сот Эсеналиевдин аракетине юридикалык баа берүү өтүнүчү менен Башкы прокурорго кайрылды. Учурда прокуратура Соттор кеңешинин төрагасына Эсеналиевди дисциплинардык жоопко тартуу боюнча сунуш жөнөткөнү маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0