Чек арадан "мыйзамсыз" өтүп кеткен топоздор Кытайга кайтарылды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТопоз. Архив
Топоз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-кытай чек арачылары жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Мунун натыйжасында мал толугу менен ээсине кайтарылып берилген.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кытайдан Кыргызстандын аймагына өтүп кеткен алты топозду чек арачылар ээсине кайтарып беришкенин Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кыргыз чек арачылары Кытайга бир короо топоз өткөрүп берди
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-ноябрында Оштун "Кызыл-Жар" чек ара заставасынан 4-5 чакырым алыстыктагы Талгый ашуусунун жанында оттоп жүргөн алты топозду аныкташкан. 

Ошол эле күнү кыргыз-кытай чек арачылары жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Эки күндөн кийин Түз-Ашуудан кыргызстандык чек арачылар кытайлык кесиптештерине топоздорду кайтарып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0